"Достук" командасынын капитаны Кыяз Ниязов: "Мурас" командасы мынчалык жогорку деңгээлде ойнойт деп ойлогон эмеспиз"
Бүгүн, 19-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча Жогорку Лиганын оюндары уланууда. Ат майданына Ысык-Көлдүн "Мурас" командасы менен Оштун "Достук" командасы кез келди.
Бүйүр кызыткан беттеште "Достук" командасы 11:6 эсебинде жеңишке жетишти. Оюндун аягында команда капитандары сөз алып, оюн тууралуу пикирлерин билдиришти.
"Мурас" командасы жогорку деңгээлде даярдык көрүшүптүр, биз атаандашыбыздан мындай курч оюнду күткөн эмеспиз. Оюн мыкты өттү", - деп билдирди "Достук" командасынын капитаны Кыяз Ниязов.
Мындан сырткары оюн учурунда бир аз жаракат алып калган "Достуктун" оюнчусу Майрамбек Осмоновдун абалы жакшы экенин жана ал кийинки оюндарга катыша турганын команда башчысы кошумчалай кетти.
"Финалда Эль-Класико". "Достук" "Мурасты" жеңип финалга чыкты
Автор: Азат Бейшенбеков
Оператор: Айбек Алимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.