"Мурас" командасынын капитаны Мээрбек Осмоналиев: "Финалга чыгалы деген ой бар болчу"
Бүгүн, 19-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча Жогорку Лиганын оюндары уланууда. Ат майданына Ысык-Көлдүн "Мурас" командасы менен Оштун "Достук" командасы кез келди.
Анда "Достук" командасы 11:6 эсебинде жеңишке жетти.
"Бүгүнкү оюнга жакшы даярданганбыз. Финалга чыгалы деген максат бар болчу, бирок бүгүн оомат "Достук" командасына ооду. Кийинки оюнда машыктыруучу, жетекчилер кемчиликтердин үстүндө иштеп, балдарды жана аттарды алмаштырабыз", - деп билдирди "Мурас" командасынын капитаны Мээрбек Осмоналиев.
"Финалда Эль-Класико". "Достук" "Мурасты" жеңип финалга чыкты
Автор: Азат Бейшенбеков
Оператор: Айбек Алимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.