Бишкек шаарынын вице-мэри: "5 мектеп жана 5 бала бакча шаарыбыздын конуштарында курулат"
Бишкек шаарынын мэриясы калаанын социалдык-маданий объектилеринин курулушу жана жолдорду реконструкциялоо боюнча маалымат жыйын өткөрүп жатат. Жыйынга Бишкек шаарынын жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу, "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын башчысы Марат Жороев, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш бөлүмүнүн башчысы Азамат Кадыров, Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Гүлмира Жумабекова жана Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Мирлан Молдобасаров катышууда.
"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 44 көчөнүн долбоору даярдалып, каржы жагы Кытай Эл Республикасынын грантынын негизинде салынат. Биринчи фазада белгилүү болгондой, шаарда бир нече көчөлөр салынган. Мисалы, Ахунбаев көчөсү Бах көчөсүнөн ары, Токтогул, Айтматов көчөлөрү. Ушул сыяктуу көчөлөрдүн уландылары генералдык пландын негизинде уланат. Ушул жылдын эсебинде жалпы чакырымы 44 көчө 55 чакырымды жасап, оңдоп элге колдонууга берели деп жатабыз. Ал жерде өзүнүн тротуарлары, иррегацияларын эске алып ишке ашат деген ниеттебиз.
Андан тышкары шаарда капиталдык курулуштар боюнча калаа башчыбыздын тапшырмасы менен шаарыбызга эң актуалдуу, оңдоп-түзөөгө муктаж болгон мектеп, бала бакча, поликлиникалар, "Тез жардам" станциялары боюнча документтери даярдалып, анализ жүргөн.
Бүгүнкү күндө 5 мектеп жана 5 бала бакча тендер документтери бүтүп, курулуш иштери жакынкы аралыкта башталат деп даярдап жатабыз. Булар шаарыбыздын конуштарында курулат", - деди вице-мэр Азамат Сагындык уулу.
Бишкек шаарынын жолдорун реконструкциялоо боюнча маалымат жыйын
