"Атам бар кезде эч нерседен коркчу эмес элем, азыр бардык нерседен корккон, атасыз бир жыл..." Белгилүү акын Зайырбек Ажыматовду уулу эскерди
Мындан туура бир жыл мурун, 29-апрелде белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматов жарык дүйнө менен кош айтышкан. Акындын артында ырлары жана 2 уул, 2 кызы калды.
Бүгүн акындын уулу Назым Самаган атасын эскерип өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына эскерүү жазды.
Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
"Жалгыздык" (1996-жыл), "Мелмил" (2005-жыл), "Нөлү көп жылдар" (2011-жыл) ыр жыйнактарынын автору.
Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы "Асаба" гезитинен баштап, "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында, "Жаңы Агым" гезитинде иштеп, акыркы жылдары "Азаттык" үналгысында иштеп жүргөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















