super.kg logo
  Спорт  

SUPERsportАзатайтат: Кыргыз футболчуларын Тажикстан жылуу тосуп алса, Гүлжигит Алыкуловдун даректүү тасмасы жарык көрдү

 

SUPER.KG порталынын #SupersportАзатайтат долбоору акыркы бир апта ичинде Кыргыз өлкөсүндөгү жана дүйнөлүк спортто орун алган урунттуу учурлар менен тааныштырууну улантат.

АФК Кубогунун алкагында Оштун "Алай" командасы Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына учуп барды. Кыргыз футболдук клубунун тайпадагы атаандашы Тажикстандын "Худжанд" командасы "Алай" командасынын оюнчуларын Тажикстандын улуттук баш кийимин кийгизүү менен тосуп алды. Баш кийимдерде Тажик, Кыргыз деп жазылганын көрүүгө болот.

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын жана коңшу Казакстандын "Кайрат" футболдук клубунун жаш жана таланттуу оюнчуларынын бири Гүлжигит Алыкулов тууралуу "Жига" аттуу даректүү тасмасы жарык көрдү. Тасма Гүлжигит Алыкуловдун футболдогу карьерасы жөнүндө баяндалып, башкы ролдо Алыкулов өзү болду.

Дүйнө спортунда эмне кеп? Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовго "Ахмат" спорт клубунун мушкерлери менен беттешсе мушкер өзү каалаган сумманы төлөп берүүгө даяр экенин айтты.

Чемпиондор Лигасынын финалы коронавирустан улам Стамбул шаарынан Лиссабон шаарына которулду.






Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн футболчу Ильзат Ахметов Орусия курамасына кирбей калды

Автор: Азат Бейшенбеков
Оператор: Чыңгыз Калбердиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.05.2021. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азат сонуг айтат экен, молодеееец
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: