Аксыдагы сел ташкынынан каза болгондордун аты-жөнү, жашы такталды



12-июлда Аксы районунун Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарында сел жүрүп, 8 адамды агызып кеткен. Анын алтоосу табылып, 3 жашар наристе менен 5 жашар бала дайынсыз болууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан сел ташкынынын курмандыгы болгондордун жана дайынсыз болуп жаткан балдардын аты-жөнүн жарыялады. Алар:
1958-жылы туулган Б.Ж.К.;
1981-жылы туулган Ш.Б.Т.;
2009-жылы туулган Ш.А.А.;
2014-жылы туулган Ш.А.А.;
2005-жылы туулган Т.П.Н.;
2009-жылы туулган О.Н.О.;
Ал эми 2018-жылы туулган Т.Ф.Н. жана 2016-жылы туулган К.А. дайынсыз болууда.
Эске салсак, кечээ, 12-июлда Аксы районунун Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарында сел жүрүп, ӨКМнын берген маалыматы боюнча, 7 адам каза болуп, алардын алтоосунун сөөгү табылгандыгын билдирген. Ал эми SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун 9 адамдын каза болгондугун айтып берген.
Аксыда сел 8 адамды агызып кетти





1 |