Коронавирус: Өлкөгө Азербайжандан 40 миң доза "AstraZeneca" вакцинасы менен гуманитардык жардам келди
Кечээ, 16-июлда өлкөгө Азербайжандан 40 миң доза "AstraZeneca" вакцинасы менен гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
"Кыргыз тарап Азербайжанга өлкөлөрдүн ортосундагы боордоштук мамилелердин көрүнүшү болгон бүгүнкү оор эпидемиологиялык кырдаалда көрсөтүлгөн гуманитардык жардам жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирди", - деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, бул Азербайжандын Кыргыз өлкөсүнө жиберилген биринчи гуманитардык жардамы эмес. 2020-жылдын апрель айында 64 тонна медициналык жана антисептикалык каражаттар алынган.
Жүктү аэропорттон тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев тосуп алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:58
2023-01-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(5)
sainazarov0555
17.07.2021. 08:25
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
141
Катталган:
02-11-2016
Соӊку аракети:
25-10-2021 19:52
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз бул жакта вакцинаны сайып туготуп алайлы
Kyrgyz_bloger
17.07.2021. 08:50
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
769
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
28-02-2022 18:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Чындык жашаган жер.
+12
Буткул Европа опасный деп отказ кылган астрозенака вакцинасын бизге эксперимент кылганы алып келдиби.
Munar7777
17.07.2021. 10:23
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
21-09-2020
Соӊку аракети:
19-11-2021 22:07
Жынысы:
Белгисиз
-2
Оздору бири-бири мн урушкандан башка эч нерсе билбей даяр нерсе болсо болду бомжд*р
Dembele84
17.07.2021. 15:03
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3287
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
28-02-2022 18:57
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар кыл вакцина сайдыра берип кырылып калбайлы.
jaskaaa
18.07.2021. 02:45
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
221
Катталган:
25-03-2015
Соӊку аракети:
19-12-2023 14:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кара-балта.
+3
Бул вакцинадан казакстан отказ кылдыгоо.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















