
Кыргыз жарандарынын Орусия Федерациясынын компетенттүү органдары тарабынан текшерилүүсү, чет өлкөлүк жарандардын Москва шаарындагы
"Кузьминки" метросундагы станциянын жанында болгон массалык кагылышууга катыштыгы бар-жоктугун аныктоо жана издөө иш-чараларынын улантылышы менен байланыштуу. Бул тууралуу Кыргыздын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Ага ылайык, Орусиянын укук коргоо органдарынын бул аракеттери биринчи кезекте мыйзамдуулукту жана тартипти орнотууга жана Орусия жарандарынын, ошондой эле ал жакта жашаган чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
"Ошону менен бирге 2021-жылдын 15-июнундагы Орусиянын президентинин №364 "Жаңы коронавирус (COVID-19) инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу Орусиядагы чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө" жарлыгы менен 2021-жылдын 30-сентябрына чейин чет өлкөлүк адамдарга жана жарандыгы жок адамдарга карата Орусиянын аймагынан административдик чыгаруу же депортациялоо тууралуу чечим кабыл алынбайт.
Кыргыздын Орусиядагы элчилиги Орусиянын компетенттүү органдары менен тиешелүү иш-чараларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ошондой эле Кыргыз жарандарынын, анын ичинде ушул жылдын 12-июлундагы окуяларга байланыштуу "Кузьминки" метросунун станциясынын жанында кармалган жарандардын укуктарын коргоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөт", - деп билдиришти элчиликтен.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык түйүндөрдө Орусияда Кыргыз жарандарынын массалык текшерүүлөр жүрүп жатканы тараган.