super.kg logo
  Спорт  

"Айсулуу Тыныбекова келерки Олимпиадага да катышуу ниетинде" дейт беттештерден кийин маек берген Нурбек Изабеков

 

4-август күнү Токио шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында мекендешибиз Айсулуу Тыныбекова спорттун эркин күрөш түрүнөн күмүш медалды багындырды. Балбан кызыбыз финалдык беттеште жергиликтүү спортчу Юкако Каваи менен кез келип, бир гана упай айырмачылыгында экинчи орунду камсыздаган. Беттештен соң балбан кызыбыздын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков Айсулуу Тыныбекованын финалдык беттеши тууралуу өз оюн билдирди.

"Айсулуунун жеңиши кандай болгон күндө дагы биз үчүн абдан чоң ийгилик. Биз аны сезишибиз керек. Бул жеңиш кийинки, 2024-жылы Парижде боло турган Олимпиада үчүн дем берип, чоң ишенич жаратты. Кудайым буюрса, биздин спортчулар мындан бийик баскычтарга чыгып, бир нече алтын медаль жеңгенге мүмкүнчүлүк бар деп ишендирип айта алам.

Айсулуу мен айткан нерсенин баарын аткарды. Деген менен бул спорт. Себеби эки балбан тең алтын үчүн күрөштү. Бирок Айсулуу Олимпиаданын алкагында жалпы төрт беттеш өткөрүп, төртөөндө тең койгон максатына жетти. Финалда да болгон мүмкүнчүлүгүн, күч-кубатын жана акыл-эсин жумшады", - деди Нурбек Изабеков.

Ошондой эле бул мелдешке "Рио-2016" Олимпиадасынан бери даярданып келишкенин кошумчалады. Муну менен катар Айсулуу Тыныбекова келерки Олимпиадага да катышуу ниетинде экенин жана ал мелдешке азыртан катуу даярдыктарды көрүп башташарын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, "Токио-2020" Олимпиадасына Кыргыз өлкөсүнүн атынан барган 16 спортчунун ичинен азырынча үчөө байгелүү орундарга жетишти. Тагыраагы, Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш медаль утса, Мээрим Жуманазарова коло медаль багындырды.

Ал эми эркин күрөш боюнча дагы бир балбаныбыз Эрназар Акматалиев 6-август күнү, жеңил атлетикадан Дарья Маслова 8-августта мелдешке катышат.






Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабековдун маеги

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
06.08.2021. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ага чейин дагы күчтүү жаштар чыгат, ал кезде ал кыз отуздан ашкан болот. Андан көрө турмушка чыгыш керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: