super.kg logo
  Спорт  

Мээрим Жуманазарованын атасы: "Айылда биринчи жолу кыздардын күрөшүн ачканда эч ким келбей, өзүмдүн кыздарымдан баштагам"

 

"Токио-2020" жайкы Олимпиадасында эркин күрөш боюнча коло медалды багындырган мекендешибиз Мээрим Жуманазарованын атасы жана биринчи машыктыруучусу Рахмадил Жуманазаров SUPER.KG порталынын коногу болду. Машыктыруучу кызы Мээрим Жуманазарованын ийгилиги тууралуу маек берип жатып, кыздарды күрөшкө машыктырып баштаган алгачкы жылдарына токтолду.

"Бир канча убакыт тыныгуудан кийин республикалык мектепке келсем, машыктыруучу Жеңиш Түмөнбаев күрөшкө тандоо кылып жатыптыр. "Бир топко тыныгуу болуп калды, эми иштеп берейин" десем дароо эле "кыздар менен иштебейсиңби" деп калды. Анан мейли деп айылга келип, кыздардан күрөшкө тандоо кыла баштадым. Кыздардын күрөшү деген анда дээрлик жок эле. Таласта бирин-экин кыздар гана күрөшчү. Айыл жергесинде биринчи жолу кыздардын күрөшүн ачканда аябай башкача болду. Эч ким келбей... Анан ошондо өзүмдүн кыздарымдан баштадым.

Мээрим ошондо эле кыймылдуу, болтойгон, толук кыз болчу. "Күрөшөсүңбү?" десем "күрөшөм ата" деп калды. Анан ага катар эле ошол жылы күрөшкө тандоо кылдым. Биринчи жолкусунда Кудайдан болуп, аябай жакшы тандоо болду. Мээрим, Айпери (ред. Медет кызы), Айжан, Саяна деген кыздар ошондо келди. 2014-жылы Бостеридеги республикалык мелдеште 6 салмак боюнча байге утуп алганбыз", - деди Рахмадил Жуманазаров.

Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова "Токио-2020" Олимпиадасында коло байгени багындырды. Муну менен балбан кызыбыз Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында Олимпиада медалын уткан алгачкы айым болуп калды.






"Мээримдин колу сынганда күрөшкө эмнеге алып келдим деп капа болгом" дейт атасы.

Автор: Азат Бейшенбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: