"Москвага мурдума операция жасатканы барам" дейт ырчы Эрнис Турсунов
Биздин “Хайп-Тайм” рубрикабыздын кезектеги коногу ырчы Эрнис Турсунов болуп, жашоосундагы акыркы жаңылыктары, чыгармачылыгы жана үй-бүлөсү тууралуу айтып берди.
"Жакында Москвага мурдума пластикалык операция жасатканы барам, кичинемде сынган болчу. Дарыгерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп койдум. Буга чейин көзүмдү жасаткан болчумун, аны аябай ойлонгом. Себеби мен күткөндөй болбой калсачы деген ойлор болуп, көзүнө операция жасаткандарга барып, "кандай болот? эмне кылсам" деп аябай сурап, анан баргам. Жыйынтыгында мен күткөндөй болду. Негизи ислам дининде мындай нерселерди кылууга болбойт деп айтышат, бирок эгер жакпаса жасата берсе керек деп ойлойм", - дейт Турсунов.
Ырчы Эрнис Турсунов: “Элдин сөзүнөн улам үйүмдү сатып, көчүп кеткен учурум болду”
Автор: Гулзада Абдырахманова
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Ырдап атат,акча таап атат,уй-булосун багып атат,озуно кам коруп жатат,бул жакшы нерселер да,мен жашоомду жакшы жакка озгортуп жатам деген адамды сыйлайм,угуп отуруп мотиваыия алам,озум да дем берип шык бергенге ар дайым даярмын) Адамды адам колдош керек,озуно жакшылык болуп кайтат.