super.kg logo

Бишкекте мэриянын такси кызматын уюштуруу сунушталды

 

Бишкекте муниципалитеттин такси кызматын уюштуруу сунушталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Казыбек Эргешов шаардык кеңештин кезектеги жыйынында айтты.

Анын айтымына караганда, муниципалитетте такси кызматы уюштурулса, шаардык бюджетке кирише түшмөк.

"Акыркы учурларда такси кызматына байланыштуу митингдер болуп келгенин билебиз. Муниципалитеттин такси кызматын уюштурсак шаардык бюджетке дагы пайда алып келмек", - деп билдирди Эргешов.

Ал эми Бишкек шаарына санариптештирүү жана транспорт боюнча вице-мэри Таалайбек Орозов бул сунушту колдоорун айтып, бирок аны ишке ашыруу үчүн алгач бир топ иштерди аткарууга туура келерин айтып өттү.

"Бул сунушту колдойм. Өнүккөн өлкөлөрдө мамлекетке тиешелүү кызматтар бюджетке көп киреше алып келген мисалдар бар. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, менчик такси кызматтардын дагы кызыкчылыктарын коргоо менен ишке ашыруу зарыл", - деди Орозов.






“Дарыгердин тастыкмасы жок эле жиндиканага алып барабыз дешти” деген жаран кайрылды

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
07.10.2021. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон эле жургулочу бойроктон шыйрак чыгарбай. Андан коро Яндексти кууп чыккыла же 3-5 жылдан бери толобогон салыгын толоткуло......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: