Текебаев: "Жаңы парламенттик шайлоо жарыяланышы керек"

Бүгүн, 29-ноябрда шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиянын лидерлери, өкүлдөрү БШКнын алдына митингге чыгышты. Алар мыйзамды одоно бузуу болгонун айтышат.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жаңы парламенттик шайлоо жарыяланышы керектигин айтты.
"Бийлик алмашкандан бери Кыргыз өлкөсүндө саясий кризис уланып жатат. Быйылкы парламенттик шайлоо кризиске чекит коюп, өлкөгө саясий туруктулуук орнотулушу керек. Ал үчүн шайлоо адилеттүү, таза, мыйзам чегинде болушу керек эле. Шайлоонун жыйынтыгы легитимдүү эмес, элдин ишенимине ээ эмес. Жаңы шайлоо парламенттик шайлоо жарыяланышы керек. Саясий кризистен чыкпай кайра батып калышыбыз мүмкүн", - дейт ал.
Шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялар митингге чыгышты
Автор: Айзада Кыдырмышева
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
2

