UFC: Эки күндөн кийин беттеш. Рафаэль Физиев кайсы өлкөнүн желеги менен чыгат? Өзү жооп берди
Мушкер Рафаэль Физиев 5-декабрда өтө турган UFC уюмундагы беттешине нейтралдуу статуста чыгат. Бул тууралуу мушкер "Ушатайка; Спорт Экспресс" ютуб каналына берген маегинде айтты.
"Бул суроо жоопсуз эле калсынчы. Мен мени колдогон күйөрмандарымдын өкүлүмүн. Жанымда жүргөндөрдүн, ММА күйөрмандарынын өкүлүмүн. Беттешке желеги жок чыгам", - деген Физиев.
Рафаэль Физиев 5-декабрда "UFC on ESPN 31" турниринин алкагында жаңы зеландиялык Брэд Ридделл аттуу балбан менен кез келет.
Рафаэль Физиев 14-октябрда мындан ары беттештерге Кыргыз өлкөсүнүн желеги астында чыкпаарын айтып, өлкөдөн көчүп кетери тууралуу кайрылуу жасаган.
Ысык-Атада бир ай мурун жансыз денеси табылган адамдын кызынын кайрылуусу
Автор: Клара Кудайбергенова
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:37
2025-10-09
16:22
2025-10-09
0:21
2025-10-09

21:58
2025-10-06
Рейтинг:
-3

КЫРГЫЗга КЫРГЫЗ гана Куйот!!