super.kg logo

Бир колу жок Айзаттын күйөөсү: "Мен Айзатка талак берем, үйдү мага өткөрсүн"

 

Буга чейин социалдык тармакта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Айзат Мамырбай кызы өзүнүн инстаграм баракчасына бейтааныш жигит менен түшкөн сүрөттөрү жүктөлгөндөн кийин сынга кабылган.

Интернет колдонуучулардын көбү Айзатка терс пикирлерин калтырып жаткан маалда Айзат Мамырбай кызы SUPER.KG порталына маек берген. Анда ал жолдошу Рустам Иманалиев менен пикир келишпестик жаралганын, азыркы тапта Ошто ата-энеси менен чогуу жашап жатканын жана сүрөттөгү бейтааныш мырза анын бөлөсү болорун маалымдаган.

Айзат Мамырбай кызынын пикирин уккандан кийин экинчи тараптын да оюн угууга даяр экендигибизди айтканбыз. Айзаттын жолдошу Рустам Иманалиевдин өтүнүчү менен анын пикирин уктук.

"Айзаттын SUPER.KG порталына берген маегин окуп күлкүм келди. Ал жерден Айзат апыртып жиберген экен. Кепти башынан айтсам, Айзат Ошко тойго кетип ал жерде 3 айга чукул убакыт жүрүп алды. Кайын-журтума чалып отуруп акыры келди. Кийин дагы 10 күнгө кетти. Бирок келгенден кийин мага болгон мамилеси өзгөрүп кетти. "Ары турчу, мен сени көргүм келбей жатат" деп кага баштады. Эмне десе макул болуп жүрдүм. "Мага көңүл бурбай калды, телефонун чукулап эле отурат" деген экен. Мен көңүл бурбасам кычырап кийинмек эмес. Телефон тууралуу айта турган болсом, биз IT боюнча курста окудук. Ал жерден бизге үйгө тапшырма беришет. Ноутбугум жакшы иштебегендиктен телефондон кароого туура келчү. Аялым кулак-мээмди жеп отуруп ал окуунун да аягына чыга албай калдым. Такси айдап иштейин десем "сени өлтүрүп кетишет, жаныңа башка кыздарды салып аласың" деп иштетпей койду.

Айзат уктап жаткан маалда анын телефонун көрүп калдым. Кызык болгондуктан TikTok'о кирип отургам. Бир маалда билдирүү келди. Окуп алып жаман болуп кеттим. Телефонун талкалап жибергим келди. Бирок өзүмдү кармап телефонума тартып алдым. Ошол учурда Айзат ойгонуп кетип телефонун жулуп алды. Андан кийин эмне кылышты билбей бир топко чейин кыйналдым. Бир маалда дүкөнгө барып коньяк алдым. Аны унаамда ичип отуруп уктап калган экенмин. Досум келип ойготкондон кийин үйгө барсам, Айзат түшкү саат 3кө чейин уктап жатыптыр.

Ошол учурда карындашым жана досум үйдө эле. Ал тамак жасап отуруптур. Биз тамак ичип отурган маалда кашыкты алып Айзат жаткан бөлмөнүн эшигине бир нече жолу ыргыттым. Ал бир аздан кийин туруп келип сүйлөндү. Мен дагы бир ирет үстөлдү ургандан кийин ал "жүрөгүмдү түшүрүп жатып боюмдан түшүрөсүң" деп кыйкырды. Мен кружканы алып үстөлдү койгулап жатканда Айзат дасторконду тартып жиберди да, сыртка качып чыгып кетти. Досум аны алып кирүүгө аракет кылды окшойт. Бир маалда агасы менен келди. Экөө кичинекей баланы алдап жаткансып "фейк аккаунт турбайбы" деп мени алдоого аракет кылышты. Андан кийин чыгып кетишкен. Ошол бойдон Айзат Ошко кеткен экен.

"Мага жардам бербейт, оор жумуштарды жасайм" деп айтыптыр. Үйдө андай деле жумуш жок. Суу ташыбайт. Болгону тамак жасайт. Айзат Ошко телефонун үйгө таштап кеткен экен. Ал мага "телефонума тийбеңиз" дей берди. Анткен сайын телефону мени кызыктырып, ачып карасам сыр сөзү бар экен. Телефонду толугу менен өчүрүп, кайра жандыргандан кийин эски сүрөттөрү чыкты. Ал жерден балдар менен түшкөн, аларга жөнөткөн жарым жылаңач сүрөттөрүн таап алдым. Үй-бүлөлүү эркектер менен кат жазышып жүргөндөрүнө чейин таптым. Айзатты "үйдү өткөрүп бер" деп шаарга чакырдым. Сүрөттөрүңдү жарыялайм деп дагы айтып көрдүм. Бирок уккан жок. Кайыненем телефон чалып, көп нерселерди айтып ызылдады.

Мен ажыраша турганымды айткан соң Айзат экөөбүзгө курулуш компаниялардын бири берген батир талашка түштү. Аны каттоо маалында менин паспортум жанымда жок болуп, Айзатка катталган. Ал үйдү экөөбүздүкү эмес, өзүнүкүндөй эле сезип алды. Негизи Айзат Оштон жер алмак. Батирди мага ташта десем болбой жатат. Менден 300 миң сом сурашты. Бирок менде андай акча жок. Акчам болсо эч кимге жалдырабай эле үй сатып алмакмын. Мен Айзат менен жашай албайм. Көпкө чейин ойлонуп ажырашуу тууралуу чечимди кабыл алдым", - деди ал.

Эскерте кетсек, SUPER.KG порталы 2020-жылы түгөйлөрдүн тагдырын чагылдырган соң бул видео калың элге тарап, курулуш компаниялардын бири жаштарга бир бөлмөлүү батир белек кылган.






Айзаттын жолдошу жубайына талак бере тургандыгын айтты

Автор: Жолдубек Качкынбаев
Оператор: Нурбай Самарбеков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(22)
27.12.2021. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Курулуш компаниясы сага эмес, чогуу силердин үй-бүлөгө берген. Ошондуктан иним ошол 300000 берда үйдү өткөрүп ал. Чынында анын да акысы бар ал үйдө жана сенин да акын бар. Сага өткөрүп берсе анда ал үйсүз калабы? Калыс бол тууган, калыс бол
28.12.2021. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuuman,ооба калыс болуш керек. Рахмат калыс сөзүңөргө! Үй экөөнө тең таандык. Апасы Айзатка үй салганга жер берет экен, ошон үчүн үйдү мага өткөрүп берсин дегени күйөөсүнүн калыстык эмес. Ал жерге үй салганга дагы акча керек! Апасы жер берсе дагы, бербесе дагы үй экөөнө таандык! Ажырашышса үйдүн жарым акчасын Айзат алганга акысы бар! Себеби экөөнө тең таандык.
27.12.2021. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эркек башын менен майып кыздан үй талашпай үйдү толугү менен аялына бер да өзүн үйдон чыгып кет. Себеби үйдү сага эмес Айзатка берген болчу. Уялбастан талак берем үйдү берсин деп отурасын.
27.12.2021. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
nurbek11,
Кыргызстан светтик жана мыйзамдуу мамлекет болгону үчүн тен укуктуулук камсыздалган. Эгер шарият деп молдолор былжырап жаткан арабтардын мыйзамы менен жашаганыбызда аялдардын эркиндиги, укугу тебеленмек. Талак деген диний түшүнүк менен далай кыз келиндердин укугу тебеленмек
ayzhan12 түзөттү 2021-12-27 13:18:02
28.12.2021. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayzhan12, бирдемендин дөтү атейиз сага наалат болсун өзүң былжырап жатасың акмак билбейсинби дин менен шарятты суйлобо дин менен шарят болсо экоо ажырашпайт болчу
27.12.2021. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nurbek11,Бул бала деле буту баспаган майып болсо керек.
28.12.2021. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurbek11,Үй экөөнө тең берилген да. Документтеринде кантип жазылган болду экен? Коменттерден окусам экөөнө тең берилген деп жазгандар бар экен. Ошондой болсо экөө тең үйдүн жарымына таандык. Эгер документте жалгыз Айзаттын аты жазылып турса анда күйөөөсү чыгып үйдү бошотуп бериши керек болот. Бирок ажырашканда мүлктү экиге бөлүү мыйзамы дагы бар. Эгер аны манданттар же эки манданттын бирөө кааласа,бөлгөнгө туура келет. Мыйзамда адамдын жаман жүрүм туруму үчүн үйүнөн ажыратуу деген шарты жок!
27.12.2021. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Реклама кыла бербей,сотко барып чечишип албайсынарбы эми.Кундо эле ар кимин чыга бербей!
27.12.2021. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сен антип талап кылба да. Ал там экоонордуку.
27.12.2021. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Супер инфо, кичинекей бир үй-бүлөнүн майда проблемасын калың элге жайып, көбөйтүп жибердиңер, ушунуңар эч жакпайт да...
27.12.2021. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Майыптар жана жетимдер Алланын суйгон пенделери болот. Алардын акысын жеген чон күнөө деп уккам. Ошондуктан, тынч эле чыгып кет, уй байлык табылат. Абийир табылбайт.
27.12.2021. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Үйдү өткөрүп майып эмес аялга үйлөнгүсү келген го . Ар нерсени шылтоолоп каралап, жаман көрсөтүп өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлогон киши окшойт.
27.12.2021. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мелоч экенсиң, ошон үчүн катынды эптей албапсыңда. Ал үйдү сага өткөргүдөй, сен иштеп салдың беле? Тең бөлгүлө!!!
27.12.2021. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Малахов билбесин бул жанылыкты)))
27.12.2021. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
А бул баланын эки буту жок болсо бул жигитке деле кыйында
27.12.2021. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Brilant-zhylan,бирок тиги кыз дагы майып да Бир колу жок эгер ажырашууга барып такалса болушуш керек озумчул болбой бул Уй экооно берилген
27.12.2021. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аялы деле измена кылбай кысып жашаса үй-бүлөөсү деле бузулмак эмес. Үйүн деле талашмак эмес экөө. Аял тили менен эки бутунун ортосун кысып жашашы керек.
27.12.2021. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NeRiNa,кордунбу измена кылып атканын
27.12.2021. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nina.alex, болосу менен козун жумуп обушуп тушкон бир суроту эле жетиштуу болуп атпайбы? Эмне сага бироо менен жаткан видеосун жонотуш керекпи?
27.12.2021. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аягы суюк аялдын барынан жогу,олумуш болуп коп ойнош кутуп жургон экен да...шумдук,соз жок.
27.12.2021. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Экөөндө тең күнөө бар окшойт. Үйдү да тең бөлүп алган туура болот анткени экөө тең майып болсо. Закон боюнча да, адамгерчилик боюнча да. Убагында интернетке чыгарып аракет кылган да аялы болчу анан чыгып кет үйдү мага каттатып деген туура болбой калат . Анын жүрүм туруму жакпаса деле.
27.12.2021. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Үй экөөнө тең берилген. Ошон үчүн үй сатылып акчасы экиге бөлүнүшү керек. Болбосо күйөөсү үйдүн акчасынын жарымын аялына бериш керек. Кимиси кандай болбосун үй экөөнүкү тең.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: