super.kg logo

Лимонтинин өлүмү: Шектүү Талгат Шамиев дагы бир ирет сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү (видео)

 

Бүгүн, 20-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Лимонти каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл Алмазбек Сулаймановдун өлүмү боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сотто шектүү Талгат Шамиев соттук отурумду алып барып жаткан судьяга дагы бир ирет ишенбөөчүлүк көрсөттү.

"Сиз айыптоочу тараптын жактоочусу болуп жатасыз. Мен сизге ишенбейм", - деди Шамиев.

Эске салсак, 2020-жылдын 28-март күнү Нарында кримтөбөл Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишкен. Анын өлүмүнө шектүү катары 25 жаштагы Талгат Шамиев аттуу жаран кармалган. Ал Нарын ОИИБинин имаратына киши өлтүрүп алдым деп өзү келген.

SUPER.KG порталына өздүк булактар айыпталуучу атасынын өчүн алганын билдиришкен. Талгат Шамиевдин атасы Имаш Шамиев 1997-жылы Алмаз Сулайманов тарабынан өлтүрүлгөнү маалымдалган.






Шектүү Талгат Шамиев дагы бир ирет сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү

Кримтөбөл Лимонтинин өлүмүнө шектүүнүн тарапташтары сотко нааразы

Автор: Азат Бейшенбек уулу
Оператор: Нурбай Самарбеков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.01.2022. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Блин такой образованный умный человек. Из за какого то бандита лежит в тюрьме.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: