Украинадагы Кыргыз жарандарын Венгрия аркылуу эвакуациялоо иши болбой калды. Элчи себебин айтты
Украинадагы Кыргыз жарандарын Венгрия аркылуу эвакуациялоонун биринчи этабы бүгүн, 27-февралга белгиленген. Тилекке каршы, Киев-Венгрия эвакуациясы болбой калды.Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов билдирди.
"Киев шаарынын мэриясынын чечимине ылайык, дүйшөмбү күнгө чейин коменданттык саат киргизилип, пландалган эвакуация 28-февралга жылдырылды.
Жарандарыбызды коменданттык саат бүткөнгө чейин коопсуз жайларда калып турууга чакырам. Себеби шаарда жүрүүгө тыюу салынды жана көчөдө кармалган жарандарды “диверсант” катары таанышып, камакка алышат", - дейт элчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:46
2026-08-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















