Көк-Арт ашуусунда кар көчкүнүн алдында калган Кытай жарандарын издөө иштери улантылууда
Жалал-Абадда кар көчкү астында калган Кытайдын 2 жаранын издөө иштери күчөтүлгөн тартипте уланууда. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-февралда кар көчкүнүн алдында калган 4 жарандын экөө изделүүдө. 26-февраль күнү унаа жолдогу тоннелдин түндүк тарабынан 24 жаштагы Кыргыз жаранынын жана тоннелдин түштүк тарабынан 44 жаштагы Кытай жаранынын сөөгү табылган.
Буга чейин маалым болгондой, 14-февралда Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 332 жана 338-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) 25 ирет кар көчкү түшүп, аталган жолду куруп жаткан "Чайна Роуд" ишканасынын 4 кызматкерин башкарып жаткан унаалары менен басып калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:46
2026-08-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















