Бишкекте 7 жаштагы Диана Боронбаева дайынсыз болуп изделүүдө
Бишкекте 2015-жылы туулган Диана Боронбаева дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдиришти.Маалыматка ылайык, 17-мартта райондук милицияга Б.Н. аттуу тургун арыз менен кайрылып, кызы Диана Боронбаева 17-мартта саат 16:30 чамасында Сүйүнбаев көчөсүн бойлой Туңгуч кичи районундагы үйүн көздөй кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын жазган.
Өзгөчө белгилери: бою 125-130 сантиметр, арык чырай дене түзүлүштө, чачы кара.
Кийген кийимдери: кара түстөгү шым, күлгүн түстөгү күрмө, бутуна кара түстөгү ботинка кийген.
Изделип жаткан өспүрүм тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү номурларга кайрылып коюуну жакындары өтүнөт: 0 557 11-94-10, 0 704 30-08-43, 0 702 49-8888 и 102
Учурда жашы жете элек кызды издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:53
2026-08-05
20:00
2026-08-05
16:35
2026-08-05
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















