"Бийиктиги 20 метр". Долонго түшкөн кар көчкүдөн улам Бишкек-Нарын-Торугарт жолу ачыла элек
Кечээ, 17-мартта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусуна түшкөн кар көчкүдөн улам жол ачыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты."18-март саат 12:00гө карата Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна түшкөн кар көчкүнүн 19 миң 170 метр куб көлөмү тазаланды. Унаа жолдун 294-чакырымы жалпы көлөмү болжол менен 225 миң метр куб кар көчкү түшүп, анын 47 миң метр кубу жолго түшкөн.
Ал эми жолдун 296-чакырымында болжол менен 900 миң метр куб кар көчкү түшүп, анын 38 миң 250 метр кубу жолго түшкөн. Түшкөн кардын бийиктиги 15-20 метр, узундугу 200-250 метрди түзөт.
Такталган маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Учурда жол убактылуу жабык, тазалоо иши жүрүүдө", - деп билдиришти ӨКМдан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:53
2026-08-05
20:00
2026-08-05
16:35
2026-08-05
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















