Ош шаарына мамлекеттик кампадан бөлүнгөн кумшекер, май келип түштү. Сатылуучу даректери
Бүгүн, 18-мартта Ош шаарына Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн май жана кумшекер келип түштү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Ага ылайык, жүктөрдү Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев тосуп алды. Жалпысынан 50 тонна кумшекер, 40 тонна күн карама майы алынган.
Бул азык-түлүктөр "Акниет" соода түйүндөрү аркылуу белгиленген баада: кумшекер килограммы 70 сомдон, күн карама майынын литри 130 сомдон сатылат.
Сатылуучу даректер:
- Кулатов кичи району 16б
- Анар кичи району, Абдыкадыров көчөсү 205а
- Курманжан датка көчөсү 226 (болжол: шаардык оорукана)
- Абакир уулу Төрөбек көчөсү 40в (Юго-Восток)
- И.Раззаков көчөсү 56 (Ош району)
- У.Салиева көчөсү 40а (ХБК)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:53
2026-08-05
20:00
2026-08-05
16:35
2026-08-05
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















