Ош шаарында төрт эм төрөлдү
Ош шаарында төрт эм төрөлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук энеликти коргоо боюнча координатор Жазгул Жолдошева билдирди.
Анын айтымында, төрт эм 2-майда Ош шаарында жарык дүйнөгө келген, алардын экөө уул, экөө кыз. Төрт эмдин апасы Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын тургуну 32 жаштагы Замирахон Каримова. Наристелер 1 килограмм 200 граммга чейинки салмакта төрөлгөн.
Замирахон буга чейин эки уулду жарык дүйнөгө алып келген.
“Бүгүн ооруканадан чыгат. Ымыркайлардын жана апасынын абалы жакшы”, - деди Жолдошева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:31
2026-09-26
15:41
2026-09-26
14:22
2026-09-26
21:42
2026-09-25
Рейтинг:
5
5
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















