Кыргызстанга иш сапары менен Монголиянын президентинин аппарат жетекчиси келет
Кыргызстанга иш сапары менен Монголиянын президентинин аппарат жетекчиси Пунцаг Цагаан келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты. 11-15-декабрь аралыгында Монголиянын президентинин аппарат жетекчиси баш болгон монгол делегациясы Бишкекте болушмакчы. Делегациянын катарына кирген Соттордун башкы кеңеши, Жогорку Сот, Мамлекеттик кызматтын кеңеши жана Монголиянын тоо-кен өндүрүш министрлигинин өкүлдөрү Кыргызстандын тиешелүү органдары менен эки өлкө кызматташуусунун азыркы абалы, өнүгүшү жана кызматташуусу тууралуу сүйлөшүшөт. Ошондой эле сот системи, тоо-кен өндүрүш жаатында экономикалык өнүгүү жана мамлекеттик башкаруу жаатында пикир алмашуу болмокчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:22
2026-06-01
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















