Достук айылындагы “Манас” соода-логистикалык шаарынын курулушуна талаптар күчөтүлдү
Бүгүн, 31-майда курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Достук айылында курулуп жаткан “Манас” соода-логистикалык шаарынын долбоору жана курулуш аянты менен таанышып, тиешелүү таршырмаларды берди.
Орунтаев турак жайларды курулуштун баштапкы этабында сатууга жана жарнамалоого жол бербөөнү талап кылып, объекттер 3–4 кабатка жеткенден кийин гана сатыкка чыгаруу керектигин эскертти. Ошондой эле курулуш иштерин өз мөөнөтүндө жүргүзүү, каржылык ачыктыкты камсыз кылуу жана уставдык капиталды мыйзам талаптарына ылайык толуктоо тапшырылды.
Бул талап жарандардын кызыкчылыгын коргоого, инвестициялык келишимдерди так аткарууга, курулуштагы тобокелдиктерди азайтууга жана курулуш тармагындагы ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталгандыгы маалыматта кошумчаланды.
Аталган долбоор 1-майда башталды. Биринчи этапта 11 кабаттуу 4 турак жай имараты жана 2 кабаттуу бир нече турак жайлар, мейманкана, соода-бизнес борборлору каралган. Ал эми кийинки этаптарда логистикалык кампалар жана башка инфраструктуралык объектилерди куруу пландалган. Объектинин курулушу “Хунан Курулуш Инвестициялык” тобу тарабынан ишке ашырылууда, буйрутмачы - “Кыргыз-Кытай инвестициялык холдинг” ЖЧКсы.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















