super.kg logo

Чүйдө коногун өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

 
Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелип 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-мартта Садовое айылында жайгашкан үйлөрдүн биринде турак жайдын ээси менен 32 жаштагы жаран бирге спирт ичимдигин ичип отурушуп, чыр чыккан. Натыйжада үй ээси ашкана бычагы менен коногун моюнга сайган. Ал окуя болгон жерден каза болгон. Шектүү анын сөөгүн короого алып чыккан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Маркумдун сөөгү өлүк сактоочу жайга жеткирилип, тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: