Чүйдө коногун өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды
Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелип 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.Маалыматка ылайык, кечээ, 16-мартта Садовое айылында жайгашкан үйлөрдүн биринде турак жайдын ээси менен 32 жаштагы жаран бирге спирт ичимдигин ичип отурушуп, чыр чыккан. Натыйжада үй ээси ашкана бычагы менен коногун моюнга сайган. Ал окуя болгон жерден каза болгон. Шектүү анын сөөгүн короого алып чыккан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Маркумдун сөөгү өлүк сактоочу жайга жеткирилип, тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















