Кыргызстандын футбол курама командалары Түркияда жолдоштук беттештерди өткөрөт
23-марттан 31-мартка чейин Түркиянын Анталия шаарында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамалары окуу-машыгуунун алкагында бир катар жолдоштук беттештерди өткөрүшөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.Маалым болгондой, беттештерге өлкөнүн улуттук жана U-23 Олимпиадалык курамалары, ошондой эле U-20 жаштар командасы катышат.
Улуттук курама 25-мартта Гвинея, ал эми 28-мартта Мадагаскар менен беттешет. 23 жашка чейинки курама 26-мартта Сербия, 30-мартта Иорданиянын футболчулары менен таймашат. Ал эми 20 жашка чейинкилер 27-мартта иорданиялыктар, 30-мартта Босния жана Герцеговинанын жаштары менен оюн өткөрүшөт.
"Окуу-машыгуу жыйындары жана жолдоштук оюндар командалардын, алдыдагы эл аралык мелдештерге жана расмий беттештерге даярдык көрүүдө маанилүү этап болуп саналат. Айрым беттештер мурда пландалган атаандаш командалардын окуу-машыгуу жыйындарын уюштуруудагы өзгөрүүлөргө байланыштуу жокко чыгарылды",- деп белгиленет маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















