super.kg logo

УКМК чет элдик жарандардын мыйзамсыз миграция каналын токтотту (видео)

 

УКМК 16-мартта чет элдик жарандардын мыйзамсыз миграциясы боюнча каналдын уюштуруучусу А.М. жана анын шериги И.Т. аттуу жарандарды кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында болуу мөөнөтүн узартуу үчүн колдонулуучу №086 формасындагы медициналык маалымкаттарды жасалмалоо жана сатуу фактысы аныкталды. Аталган мыйзамсыз иш-аракетке Улуттук госпиталдын медициналык кызматкери И.Т.В. көмөк көрсөткөн. Тинтүү учурунда алар иштеген жерден визаларды тариздөөдө колдонулуучу 160тан ашык даяр медициналык маалымкаттар табылып, алынган.

"Түштүк Азия өлкөлөрүндө жогорку өлүм менен мүнөздөлгөн "Нипах" вирусунун жайылышы катталып жаткан шартта, чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда медициналык текшерүүдөн өтпөстөн жүрүүсү өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык абалга түздөн-түз коркунуч жаратат. Бул улуттук коопсуздуктун маанилүү маселеси болуп эсептелет",- деп белгиленген маалыматта.

Атайын кызмат башка катышуучуларды аныктоо иштерин алып барууда.






УКМК чет элдик жарандардын мыйзамсыз миграция каналын токтотту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: