super.kg logo

Урмат Усенов Казакстанда уюшкан топ түзүүгө шектелүүдө

 

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Усеновдун уулу Урмат Усенов Алматы шаарындагы СИЗО-18 тергөө абагында кармалып турганы маалым болду. Бул тууралуу маалымат булактарына таянып Kaktus.media жазды.

Урмат Усенов, Кыргызстандын дагы эки жараны жана Казакстандын бир жараны мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү жана трансулуттук уюшкан кылмыштуу топ түзүү иши боюнча шектелип жатышат.

Тергөө органдары аларга Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмыштуу топ тарабынан жасалган мыйзамсыз ишкердикти уюштуруу» жана «Трансулуттук уюшкан кылмыштуу топту түзүү же ага жетекчилик кылуу» беренелери боюнча айып тагышкан.

Алматы шаарындагы Мамлекеттик кирешелер департаментинин адистери келтирилген зыяндын көлөмүн 26 миллион теңге деп баалашкан.

Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: