Кыргызстандыктар тайбокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда 12 медаль жеңишти
Өлкөнүн тайбокс боюнча жаштар жана өспүрүмдөр курама командасы Дүйнө чемпиондугунда 12 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, турнир 10–20-март күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өткөн. Анда кыргызстандыктар 6 алтын, 2 күмүш жана 4 коло байге утушкан.
Алтын медаль ээлери:
- Вероника Ахматова (54 килограммга чейин).
- Диана Зайнитдинова (57).
- Нурдөөлөт Бөрүбеков (63).
- Роберт Пак (67).
- Богдан Прошин (75).
- Элдар Ешбаев (81).
Күмүш медаль ээлери:
- Эркаим Айбекова (60).
- Адис Мирболотов (63).
Коло медаль ээлери:
- Мекин Асаналиев (57).
- Алихан Закиров (67).
- Рашид Магомедов (71).
- Раул Рахатбек (71).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















