super.kg logo

Ошто "Тазалыктын" аял кызматкери каза тапты. Шектүү кармалды

 
Ош шаарында "Тазалык" ишканасынын 66 жаштагы аял кызматкери жол кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта аталган калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 19-март күнү 05:50дө Мамыров көчөсүндөгү "Асан-Үсөн" дүкөнүнүн алдында болгон. Анда маркумду Toyota Ipsum унаасы сүзүп кеткен. Анын жансыз денесине карата соттук-медициналык экспертизасы дайындалган.
Шектүү катары 27 жаштагы айдоочу кармалган. Ал унаасы менен жолдун четине чыгып кетип, тротуарда иштеп жаткан адамды сүзүп алганын билдирген. Учурда текшерүү иши боюнча соттук-экспертизалар дайындалып, шектүүнүн көрсөтмөлөрү текшерилүүдө. Окуяга күбөлөр суралууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: