Ошто "Тазалыктын" аял кызматкери каза тапты. Шектүү кармалды
Ош шаарында "Тазалык" ишканасынын 66 жаштагы аял кызматкери жол кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта аталган калаанын милициясы билдирди.Маалыматка ылайык, кырсык 19-март күнү 05:50дө Мамыров көчөсүндөгү "Асан-Үсөн" дүкөнүнүн алдында болгон. Анда маркумду Toyota Ipsum унаасы сүзүп кеткен. Анын жансыз денесине карата соттук-медициналык экспертизасы дайындалган.
Шектүү катары 27 жаштагы айдоочу кармалган. Ал унаасы менен жолдун четине чыгып кетип, тротуарда иштеп жаткан адамды сүзүп алганын билдирген. Учурда текшерүү иши боюнча соттук-экспертизалар дайындалып, шектүүнүн көрсөтмөлөрү текшерилүүдө. Окуяга күбөлөр суралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















