super.kg logo
  Спорт  

Америкадагы мекендештер кыргыз күрөшү боюнча мелдеш уюштурушту (видео)

 

АКШнын Филадельфия шаарында алгач ирет кыргыз күрөшү боюнча “Philadelphia Open Cup” турнири өттү. Мелдешке Америкада жашаган кыргызстандык спортчулар катышып, алардын катарына Казакстан жана Египеттен барган балбандар да кошулушту. Жалпысынан 42 спортчу күч сынашты.

Турнирдин уюштуруучуларынын бири Талгат Өмүрбеков бул мелдеш быйыл Кыргызстанда өтө турган Көчмөндөр оюндарына арналып өткөрүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, негизги максат - АКШда кыргыз күрөшүн жайылтуу жана өнүктүрүү.

Баш байгеге үч унаа коюлду. Иш-чарага миңге жакын көрүүчү келди.

Күрөш мелдешинен тышкары, жаа атуу жана ордо оюндары да уюштурулуп, көрүүчүлөр үчүн өзгөчө атмосфера жаратылды.

Жыйынтыгында, 90 килограммдан жогору салмакта Эмил Жоробеков унаага ээ болду. Ал эми 90 килограмм салмакта Нурматбек Мурат уулу биринчи орунду камсыздады. 75 килограмм салмакта Малик Жээнбеков чемпион аталды.






Америкадагы мекендештер кыргыз күрөшү боюнча мелдеш уюштурду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: