super.kg logo

Бишкекте адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды (видео)

 

Бишкектеги Чокан Валиханов көчөсүндө оор жол кырсыгы катталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа сүзүштү.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, чиркегичи бар жүк ташуучу унаа түндүк багытта бара жатып, солго бурулууну көздөгөн. Ошол учурда түштүк багытта жогорку ылдамдыкта келе жаткан Toyota Camry унаасы аны сүзүп алган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, дагы төрт адам жаракат алган. Жабыркагандар жеңил унаанын ичинде болушкан.

Учурда кырсыктын бардык жагдайлары такталууда.






Бишкекте адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: