Үй ээсин коркутуп... Кара-Балтада каракчылыкка шектелген жаран кармалды
Кара-Балта шаарында 31 жаштагы жаран каракчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.Маалыматка ылайык, ал 20-февраль түнү шаардагы үйлөрдүн бирине терезени сындырып кирип, үй ээсин коркутуп, ага дене жаракаттарын келтирген. Андан кийин анын сумкасындагы акча каражаттарын алып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















