super.kg logo

Үй ээсин коркутуп... Кара-Балтада каракчылыкка шектелген жаран кармалды

 
Кара-Балта шаарында 31 жаштагы жаран каракчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 20-февраль түнү шаардагы үйлөрдүн бирине терезени сындырып кирип, үй ээсин коркутуп, ага дене жаракаттарын келтирген. Андан кийин анын сумкасындагы акча каражаттарын алып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: