super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз самбочулары Москвада өткөн эл аралык турнирде байгелүү орундарды ээледи

 

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасы Москва шаарында өткөн “Самбонун негиздөөчүлөрүнүн кубогу” аттуу эл аралык мелдеште ийгиликтүү катышып, үч коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдештер 24-26-март күндөрү Лужники спорт комплексиндеги Эл аралык самбо борборунда өтүп, ага дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн 200дөн ашуун спортчу катышты.

Жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар төмөнкүдөй жыйынтык көрсөтүштү:
Алай Сартов (71 килограммга чейин) — спорттук самбо;
Жандос Эсенгазиев (79 килограммга чейин) — спорттук самбо;
Адил Туратбек уулу (64 килограммга чейин) — күжүрмөн самбо.

Турнирге Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, Армения, Азербайжан, Беларусь, Кипр жана Орусия өлкөлөрүнүн күчтүү спортчулары катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: