Бали! Акжол Махмудов Азия чемпиону Нао Кусаканы ири эсепте жеңди (видео)
Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн PWL 11 турниринде кыргыз балбаны Акжол Махмудов япониялык балбан, Азия чемпиону Нао Кусаканы ири эсепте жеңди.
Маалыматка ылайык, балбандар 82 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. 27-мартта өткөн мелдеште Акжол атаандашын 19:6 эсебинде жеңип, жеңишти камсыздады.
Белгилей кетсек, балбандар буга чейин Белграддагы дүйнө чемпиондугунун жарым финалында күрөшүп, Махмудов 7:5 эсебинде жеңишке жеткен. Ал эми экинчи ирет 2024-жылы Бишкектеги Азия чемпиондугунда финалда кармашып, Кусака реванш алып, 4:2 эсебинде уткан.
Акжол Махмудов учурдагы Олимпиада чемпиону Нао Кусаканы сенсациялуу жеңди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















