Акжол Махмудов: "Олимпиада оюндарына болгон үмүт эч качан өчпөйт" (видео)
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Ташкенттеги PWL 11 турнирине кыргыз балбандарын колдоп барган мекендештерге ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу балбан мелдештин сыйлоо аземинде сөз кылды.
"Ар дайым айтам, физикалык, функционалдык жактан алсыз болуп калышым мүмкүн, бирок жүрөгүмдө Олимпиада оюндарына болгон үмүт эч качан өчпөйт. Кандай гана кыйынчылыктар, оор жолдор болбосун, аягына жетем", - деген анда балбан.
Турнирдин алкагында Махмудов япониялык балбан, Азия чемпиону Нао Кусаканы ири эсепте жеңди.
Акжол Махмудов: "Олимпиада оюндарына болгон үмүт эч качан өчпөйт"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















