Бишкекте рестобарда жаңжал чыгарган 4 айым кармалды (видео)
Бишкекте майда бейбаштыкка шектелип 32, 30 жана 29 жаштагы 4 айым кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4 айым 29-мартта түн ичинде Сухэ-Батор көчөсүндө жагашкан рестобарда жаңжал чыгарышкан. Бул факт каттоого алынып, Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протокол түзүлгөн.
Айымдар убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Азыркы учурда сотко чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бишкекте рестобарда жаңжал чыгарган 4 айым кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















