Токтогулда экстремисттик топтун 9 жактоочусу уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартышты
Токтогулда "Якын-Инкар" диний-экстремисттик уюмунун 9 мүчөсү идеологияларынан баш тартышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи. Анын негизинде диний ажырымга жол бербөөнүн маанилүүлүгү, коомдук ынтымакты сактоонун зарылдыгы, ханафий масхабы жана матуриди ишенимине негизделген салттуу исламды кармануунун мааниси түшүндүрүлгөн. Мындан улам алар өз ыктыяры менен уюмдан баш тартышып, ишенимдеринин зыяндуу жана ката экенин моюнга алышкан.
Токтогулда "Якын-Инкардын" 9 мүчөсү уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















