Азия чемпиондугуна 2 күн. Бишкекке Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти келди (видео)
Бүгүн, 4-апрелде Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Ненад Лалович баштаган расмий делегация Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргызстан күрөш федерациясынан билдиришти.Конокторду федерациянын президенти Эркин Тентишев "Манас" эл аралык аэропортунан тосуп алды.
Эске салсак, 6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы “Жаштык аренада” күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Мелдеште балбандар грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат.
Жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат.
Чемпиондуктун программасы күрөштүн түрлөрүнө жараша бөлүштүрүлгөн:
- 6-8-апрель күндөрү грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өтөт;
- 8-10-апрель күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер болот;
- 10-12-апрель күндөрү эркин күрөш боюнча таймаштар уюштурулат.
Кыргызстандын намысын грек-рим күрөшү боюнча 10 спортчу, кыз-келиндер күрөшү боюнча 9 жана эркин күрөш боюнча 10 балбан коргойт.
Азия чемпиондугуна 2 күн. Бишкекке Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти келди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















