Бишкекте аял автобуста жаңжал салып, айдоочуну ашата сөктү (видео)
Бишкекте автобуста жаңжал чыгарып, айдоочуну оозго алгыс сөздөр менен сөккөн 55 жаштагы аялга протокол түзүлдү. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 4-апрелде Байтик Баатыр жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Аял айдоочуга автобусту аялдама жок жерден токтонууну буйруган. Айдоочу ага көнбөгөндүктөн, жаңжал чыгарган.
Окуядан кийин бул факт райондук милицияга каттоо алынып, териштирүү иштери башталды. Жыйынтыгында 55 жаштагы аял милиция бөлүмүнө жеткирилди. Ага карата Укук бузуулар кодексинин негизинде "Майда бейбаштык" беренеси боюнча протокол түзүлдү.
Учурда бул окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, аялга айып пул салуу каралууда.
08.04.26
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















