super.kg logo

Иран келишими: АКШ делегациясынын болжолдуу өкүлдөрү айтылды

 

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Иран менен тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөргө даярданып жатат. Бул тууралуу CNN телеканалы жарыялады.

Анда маалымдалгандай, сүйлөшүүгө АКШнын вице-президенти Джей Ди Вэнс, АКШ президентинин Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү Стив Уиткофф жана бизнесмен Джаред Кушнер катышышы мүмкүн.

Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Левитт Америка делегациясы тууралуу комментарий берип жатып, үйлөшүүлөр тууралуу талкуулар бар, бирок бул боюнча президент (ред.: Дональд Трамп) же Ак үй расмий түрдө жарыялай элек",- деген.

Дүйнөлүк ЖКМлар жазгандай, АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык келишиминин шарттарын иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр 10-апрелде Пакистандын борбору Исламабадда өтөт.

Буга чейин АКШ менен Иран Пакистандын ортомчулугу аркылуу эки жумага ок атышпоо келишимин түзүшкөнү маалымдалган. Буга удаа Иран бийлиги эки жумага созулчу убактылуу тынчтык мезгилинде Ормуз кысыгын убактылуу ачып турууга көндү.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: