Акча алмаштыруучу жайдан акча уурдоого шектүүлөр кармалышты
Бишкек шаарында эки жаран акча алмаштыруучу жайдан акча уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу 8-апрелде Свердлов райондук милициясынан билдиришти.Маалыматка ылайык, шектүүлөр 16-март күнү болжол менен түнкү саат 02:00дөн 02:30га чейин акча алмаштыруу пунктуна мыйзамсыз кирип, 200 миң сом жана 27 миң теңге уурдашкан деп айтылды.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза Кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2002-жылы туулган Т.А., жана 1998-жылы туулган Т.У. аттуу жарандар кармалышты. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















