Telegram бир суткада 100 миңден ашык каналды бөгөттөдү
Telegram мессенжери акыркы сутка ичинде 100 миңден ашык каналды бөгөттөдү. Бул тууралуу мессенжердин расмий сайтындагы статистикада көрсөтүлгөн.
Андагы маалыматка ылайык, Telegram жыл башынан бери 12 миллионго жакын ар кандай тайпаларды жана каналдарды бөгөттөп салган. Алардын арасында сексуалдык мүнөздөгү жана зордук-зомбулукка үндөгөн материалдарды тараткан каналдар болгон.
Эң көп бөгөттөөлөр жыл башында катталган. Анда январь айында 300 миңден ашык, ал эми февралда 230 миңден ашык тайпа жана канал өчүрүлгөн. Ал эми бир жыл мурда 44 миллиондан ашык эреже бузган колдонуучулар четтетилген. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик 2,7 эсеге көп болгону маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















