Бүгүн Айпери Медет кызы алтын үчүн монголиялык балбан менен күч сынашат
Бүгүн, 9-апрелде Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинин финалында Айпери Медет кызы алтын медаль үчүн күрөшөт.
Кыргыздын балбан кызы 76 килограмм салмакта күч сынашууда. Анын атаандашы Монголиядан чыккан белгилүү балбан Даваанасан Энкх Амар.
Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.
Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы 1/4 финалда кытайылык балбан кыз Вэньцзи Лини 6:6 эсебинде утуп, жарым финалда тайбейлик спортчу Хуэй Чангды 0:11 эсебинде таза жеңип алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















