Бүгүн Эрназар Акматалиев баштаган эркин күрөшчүлөр килемге чыгышат
Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу уланып жатат. Бүгүн, 10-апрелде эркин күрөш боюнча балбандар килемге чыгышат.
Кыргызстандын атынан төмөнкү спортчулар катышат:
57 килограммга чейин - Абдымалик Карачов;
65 килограммга чейин - Рустамжан Кахаров;
70 килограммга чейин - Эрназар Акматалиев;
79 килограммга чейин - Жакшылык Байташов;
97 килограммга чейин - Каныбек Абдулхаиров.
Алгачкы беттештер саат 11:00дө башталат.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын капчыгында азырынча 5 алтын, 1 күмүш медаль бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















