Чек арадан 18 миллион сомдук мыйзамсыз товар аныкталды
Чек арадан 18 миллион сомдук товарды мыйзамсыз алып өтүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, "Ак-Тилек автожол" товарларды эсепке алуу пунктунда жүк ташуучу унаа текшерилип, тиешелүү коштомо документтери жок жез зымдар, кондитердик азыктар, кийим-кече жана башка эл керектөөчү товарлар табылган.
Аталган факт боюнча өлкө мыйзамдарынын алкагында процессуалдык иштер башталды. Салык кызматы бул иш УКМК жана Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте аныкталганын кошумчалады.
Чек арада мыйзамсыз делген 18 миллион сомдук товар аныкталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















