Акча жасоо менен алектенишкен делип өзбекстандык менен кыргызстандык кармалды
Акча жасоо менен алектенишкен деп шектелип өзбекстандык жана кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, алар бир нече мамлекеттердин аймагында иш жүргүзүп, жогорку сапаттагы жасалма банкнотторду даярдап, андан соң аларды кеңири тармакталган сатуу түйүнү аркылуу таратып келишкен. Кармалгандардын жанынан чет элдик валютадагы ири көлөмдөгү жасалма акча каражаттары табылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо) менен кылмыш иши козголуп, эки адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда аталган кылмыштуу схемага катышы барларды аныктоо иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















